Жаңылыктар
Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлдү
Өзгөчө кырдаал
Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлдү

Аксы районунун Авлетим айыл аймагында аба ырайынын температурасы жогорулагандыгына байланыштуу, тоолордогу карлар ээрип, Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлдү

Бул жагдай Байкашка-Терек айылындагы 36 турак жайга, Арал айылында 43 турак жайга коопту абал жаратты. Андан сырткары, Товар-Сай айылындагы Чоң-Таш аймагында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык көпүрөөнүн оң тарабын суу жей баштады. Буга байланыштуу Авлетим айылдык аймагында “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Учурда дарыянын жээги бекемделүүдө.