Жаңылыктар
Кыргызстанда алтындын запасы азайдыбы?
Экономика
Кыргызстанда алтындын запасы азайдыбы?

2017-жылга карата алтындын запасы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан бир сапка ылдыйлап 38-орунду ээледи. 

Бул тууралуу World Gold Council эл аралык эксперттик уюмдун жаңы отчетунда маалымдалат. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын ээлигинде беш тоннага жакын алтын бар. Бул жалпы алтын валюта резервинин дээрлик он пайызын түзөт. 

Ал эми былтыркы жылдын октябрынан бери өлкө өз запасын жарым тоннага көбөйтө алган. КМШ ичинде алтыны көп өлкөлөрдүн алдыңкы катарында Россия болуп, ал жетинчи орунда келе жатат.