Жаңылыктар
Билими күчтүү миңди жыгат
Билим
Билими күчтүү миңди жыгат

Аяктаарына аз калган быйылкы окуу жылы Нарын районунун «Учкун» айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеп үчүн жемиштүү болду. 

Акыркы эки жыл ичинде билим берүүдө чукул бурулуш жасалган бул билим уясындагылар бир катар эл аралык жана республикалык акыл таймаштарында баш байгелерди алышты. Мисалы, 11-класстын окуучусу Муканбет уулу Найзабек «ХХI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык мелдешинде 2- орунга ээ болсо, "Манас" ийриминин катышуучулары Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Манас таануу» телесынагынын гран присине ээ болду. Ошондой эле, республикалык «Жоокер ыры» таймашынын байгелүү үчүнчү сыйлыгы да аталган мектептин өнөрпоздоруна ыйгарылды.
"Компьютердик программа, маалымат технологиясы номинациясы боюнча 2-орунга жетиштик. Аны багындыруу үчүн биз кыргыз эл жомогун анимациялык түргө өзгөрттүк. Ошол видеобуз үчүн экинчи орунду беришти",- дейт Э. Токсобаев атындагы орто мектептин окуучусу Муканбет уулу Найзабек.