Жаңылыктар
Санарипке өтүү боюнча ыкчам штаб уюштурулат
Өзгөчө кырдаал
Санарипке өтүү боюнча ыкчам штаб уюштурулат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча республика аймактарында ыкчам штаб уюштурууну тапшырды. 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, социалдык пакеттеги санариптик телеканалдардын эфирин таркатуу үчүн өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулду. Бул республикадагы калктын 95 пайызын санариптик телеберүү менен камсыздайт. Ал эми калган 5 пайыз калктуу пунктка санарип жете элек. Негизинен алар тоолордо жана жайлоолордо жайгашкан. Учурда ал аймактарга жабдуулар орнотулууда. 

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ар бир райондо техникалык маселелерди жеринде чечүү максатында ыкчам штабдарды уюштурууну тапшырды.