Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөө жакында башталат
Билим
Жалпы республикалык тестирлөө жакында башталат

Жалпы республикалык тестирлөө 16-майдан тарта башталат. Каттоо иштери 6-марттан 6-апрелге чейин жүргөн. 

Алдын ала маалымат боюнча ЖРТга катышуу үчүн 45 миң бүтүрүүчү каттоодон өткөн. Жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында үч этап менен өтмөкчү: 

1-этап  16-17-май

2-этап  19-20-май

3-этап   23-24-июнь

Республиканын ар бир регионунда тест борборлору уюштурулуп, аларды жалпы саны 123кө жетет. Ал эми буга чейин каттоодон өтпөй калган абитуриенттер үчүн 15 жана 18-майда кошумча каттоо жүргүзүлөт.