Жаңылыктар
Борбор калаада "Ак Ниет" элдик хореографиялык ансамблинин концерти өттү
Маданият
Борбор калаада "Ак Ниет" элдик хореографиялык ансамблинин концерти өттү

Бүгүн, 14-майда борбор калаадагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда "Ак Ниет" элдик хореографиялык ансамблинин жогорку деңгээлде даярдалган отчеттук концерти өттү. 

Концерттин сыйлуу коногу  Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарымдуу Элчиси  Комил Рашидов болду. Ал,  жакында эл аралык сынактан байгелүү келген фестивалдын катышуучуларына жана көркөм жетекчиси Айын Акибаевага ардак грамоталарды тапшырып,  өзбек жергесине да келип, бий тартуулап кетүүгө чакырды. 

Эске салсак, "Ак Ниет" элдик хореографиялык ансамбли апрель айынын аяк ченинде Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык фестивалдан биринчи орунду алып келген.

Көркөм жетекчи Айын Акибаева башында турган  ансамбль 9 жылдан бери ишмердүүлүгүн улантып, бир нече жолу эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келет.