Жаңылыктар
Түркияда жол кырсыгына учураган автобустан 23 турист каза болду
Дүйнө
Түркияда  жол кырсыгына учураган автобустан 23 турист каза болду

Түркиянын тоолуу  унаа жолунда 13-майда катталган жол кырсыгы 23 туристтин өмүрүн алды. Чет элдик булактардын билдирүүсүндө окуя болгон жерде 17 адам каза болуп, калгандары ооруканага жетпей каза табышкан. Ал эми, 11 адам оор жаракат алган.

Мугла жергесинде жол кырсыгына учураган автобустан каза болгондордун арасында чет элдик туристтер болгон эмес. Туристтердин көпчүлүгүн түрк улутундагы  аялдар менен жаш балдар болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы текшерилүүдө. 

Президент Алмазбек Атамбаев Мугла провинциясындагы көптөгөн адамдардын курман болушуна себеп болгон автокырсыкка байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.