Жаңылыктар
Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштери башталды
Экономика
Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштери башталды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге старт берди. Ал энергетиктерди, жалпы кыргызстандыктарды өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя менен куттуктады. 

Өкмөт башчынын айтымында, Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Анын жыйынтыгында, ГЭСтин кубаттуулугу 240МВт көбөйөрү күтүлүүдө, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга уланат. Премьер-министр Токтогул ГЭСи атамекендик энергетиканын флагманы болуп саналарын жана Кыргызстан үчүн стратегиялык өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди. Ал Токтогул ГЭСин модернизациялоо өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыкка алып келерин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков өлкө президенти Алмазбек Атамбаедин энергетика тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалап, ГЭСти жаңылоо Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында башкы багыттардын бири катары киргизилген, -деди.

Ошондой эле, «Датка-Кемин» долбоорунун ишке кириши менен өлкөнү электр энергиясы менен жабдууну жана энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылаарын кошумчалады. Алдыда дагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Камбарата ГЭСин куруу, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу керек экенин айтты. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кабелдик туннелди, машина залын көрүп, Токтогул ГЭСин борбордук диспетчердик башкаруу пультунун иши менен таанышты. 

Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген жана өлкөдөгү эң ири электрстанциясы болуп саналат, кубаттуулугу 1200 МВт түзөт.