Жаңылыктар
Ошто каруселдин кулашынан адамдар жабыркады
Кырсык
Ошто каруселдин кулашынан адамдар жабыркады

14-майда Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, бир топ адам жабыркады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Окуядан кийин 11 адам ооруканага жеткирилген. Алардын алтоо дароо ооруканага жаткырылган, арасынан үчөө жаш балдар. Бир аял реанимация бөлүмүндө. Калгандарына амбулатордун жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө кое берилген. 

Кырсыктын кесепети боюнча экспертиза жумуштары дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Биз сеилдеп жүргөнбүз, анан каруселдин кулаганын көрдүк. Бир аялдын башы канап кеткенин көрдүм. Дагы эки кыздын ооздору канап аткан",- деди окуяга күбө Айнооруз.

"Үч бейтап нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бир аял жандандыруу бөлүмүндө. Ал баш сөөгүнөн жабык жаракат алган жана денесинде да көп жаракаты бар. Калган эки аялдын абалы да орто - туруктуу. Баарына тиешелүү деңгээлде жардам көрсөтүлүп жатат",- деп билдирди Ош территориалдык ооруканасынын директорунун орун басары Кылычбек Мамашарипов.