Жаңылыктар
Ноокенде 33 окуучу ууланды
Ден соолук
Ноокенде 33 окуучу ууланды

Ноокен райондук ооруканасына массалык түрдө ууланып түшкөн мектеп окуучуларынын саны бүгүн түшкү саат 12лерге чейин 33кө жетти. Эскерте кетсек, 12-майдан баштап Тоскоол айылындагы №5чи Назир Токторбаев атындагы мектептин окуучуларынын башы ооруп алсырап, айрымдары эсин жоготуп ооруканага түшө башташкан болчу. Дарыгерлердин айтымында, айрым балдардын абалы оор бойдон калууда.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча Тоскоол айлынын тургундары Тоскоол-Ата дарыясынын суусун ичүүчү суу катары пайдаланат. Окуучулар үчүн Масы айылындагы жер алдынан чыккан суу, 5 тонналык цистернага топтолуп, кайнатылып берилет. 

Ата-энелердин айтымында, акыркы 3 күндө балдар демейдегидей эле тамактанышкан. Айрымдары мектептен үйгө баратканда балмуздак, жүгөрү сатып жеген. Учурда балдардын эмнеден ууланганын атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.