Жаңылыктар
Казарман айылында 16 адам тамактан ууланды
Ден соолук
Казарман айылында 16 адам тамактан ууланды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында он алты адам тамак-аштан улам ууланды. Оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө департаментинин маалыматына караганда, жабыркагандар кафелердин биринен түштөнгөндөн кийин, 13-майдын түнү уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. 

Алардын бардыгы Тогуз-Торо районунун тургундары жана Казарманга спартакиадага келгендер болгон. Уулангандардын баары тиешелүү медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан чыгарылган. 

Текшерүү учурунда аталган кафеде санитардык жана азык-түлүк сактоо эрежелери бузулганы аныкталып, анын ишин токтотуу боюнча райондук санитардык дарыгердин токтому чыкты. Азыр тиешелүү органдар ууланууга эмне себеп болгонун иликтеп жатышат.