Жаңылыктар
Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышууда
Экономика
Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышууда

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарында Пекинде өтүп жаткан эл аралык «Бир алкак - бир жол» форумуна мүчө мамлекет башчыларынын кереге кеңешинин биринчи сессиясына катышып жатат. 

Кереге кеңештин башкы темасы - «Өнөктөштүктү тереңдетүү кызыкчылыгы үчүн өнүктүрүү стратегияларынын синергиясы». Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, президент мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтык темасында сүйлөйт. 

14-майда башталган экономикалык форумга 20дан ашуун өлкө лидерлери, 110 мамлекеттин өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш катышууда. Анда Кытай сунуштаган Жаңы Жибек Жолу долбоорун ишке ашыруу талкууланып жатат. Алмазбек Атамбаев Бээжинге 13-майда кеткен. 

Жекшемби күнү ал жактан Орусия президенти Владимир Путин жана башка кытайлык аткаминерлер менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 16-майда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, анан Бишкекке кайтат.