Жаңылыктар
Сириянын оппозициясы ынтымакка макул
Дүйнө
Сириянын оппозициясы ынтымакка макул

 Сириядагы негизги оппозициялык топтор менен күрд ыктыярчылар тобу эки жума аралыгында ок атууну токтотуу боюнча АКШ менен Орусия ортосунда жетишилген макулдашууну колдой турганын билдирди. 

Бир нече оппозициялык топ кирген жогорку макулдашуу кеңеши ынтымакка келүү боюнча бул аракет - Орусия өкмөтүнүн максаттары канчалык денгээлде олуттуу экенин көрсөтөөрүн белгиледи. Күрд ыктыярчылар тобу ынтымакка келүү алар үчүн дагы өтө маанилүү экендигин, бирок алар кандайдыр бир кол салуу болсо жооп берүүгө укуктуу боло тургандыгын маалымдады.

 АКШ колдоо көрсөтүп жаткан Сириядагы күрддөргө Анкара каршы. Түрк аскер аба күчтөрү Сириядагы күрддөр жашаган аймактарды аткылап турат. Америка президенти Барак Обама Вашингтондо сүйлөп жатып, бул макулдашуунун келечегине өтө кылдаттык менен мамиле кылып жатканын билдирди. 

Эске салсак, Сирияда жарандык согуш беш жылдан бери токтобой келет. Бул аралыкта 250 миңден ашык адам өлүп, миллиондогон адам жан аргасын издеп, жашаган жерин таштап качууга мажбур болушту.