Жаңылыктар
Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу көбөйөт
Экономика
Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу көбөйөт

Эми Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтка  көбөйүп, элге кызмат кылуу мөөнөтү дагы 35–40 жылга узарат. 2017-жылы 55 миллион  доллар көлөмүндө иш аткарылат. Ал эми Токтогул ГЭСин реконструкциялоо ишине  жалпы 450 миллион доллар каралган.  Бул жөнүндө 13-май күнү, Токтогул  ГЭСин модернизациялоо боюнча  долбоорду баштоо учурунда, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков айтты.  Өкмөт  башчысы   энергетиктерди, жалпы  кыргызстандыктарды бул өлкө турмушундагы маанилүү курулуштун башталышы менен куттуктады. 

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Өлкөнү Туруктуу өнүктүрүүнүн  2013–2017-жылдарга белгиленген улуттук стратегиясында башкы багыттардын бири экенин айтты Премьер-министр. Токтогул ГЭСин модернизациялоо ишин баштоо  аземине энергетиктер, энергетика тармагынын ардагерлери,  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”