Жаңылыктар
Дзюдочу Юрий Краковецкий алтын медалга ээ болду
Спорт
Дзюдочу Юрий Краковецкий алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий ушул күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам Шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. 

Краковецкий 14-май күнү 100 килограммдан жогорку салмакта күч сынашып, жалпысынан үч таймаш өткөрдү. Чейрек финалда Марокколук атаандашын, жарым финалда казакстандык Эламан Ергалиевди утту. Финалда Алжирден келген спортчу Надииб Теммар менен таймашып, жеңишке жетти. 

Анын жеңиши бул мелдештеги Кыргызстандын алгачкы алтын медалы. 81 килограммга чейинки салмакта Владимир Золоев коло байгенин ээси болду. Ал иорданиялык жана катардык атаандаштарын утуп, финалга чыгуу үчүн болгон таймашта ирандык атаандашына жеңилип калды. 

Бирок, коло медаль үчүн болгон беттеште сириялык спортчуну жеңип алган. IV Ислам Шериктештиги оюндарынын алкагында, азыр Кыргызстандын эсебинде бир алтын, үч коло медал бар. Бир күн мурда дзюдочулар Отар Бестаев менен Бектур Рысмамбетов дагы коло медаль тагынышкан.