Жаңылыктар
Бүгүн Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин туулган күнү
Маданият
Бүгүн Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин туулган күнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин туулган күнү. Эгер ал акындын көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак. Ал Улуу Ата мекендик согуш жылдарында легендарлуу Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн. 

Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган. Алардын арасында Асылбек Өзүбековдун "Кош жылдыз" деген ыры да бар. Сооронбай  Жусуевдин 2003-жылы өзүнүн небересине арнап жазган "Канат менен  Зарина" махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп өзүнчө китеп болуп чыккан. "Курманжан датка" ыр менен жазылган романы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Тагдыр дегенин  ушундай  тура Сооронбай Жусуев 91  жаш курагында 2016-жылдын 4-февралында дүйнө салды. Ошондо Сокемди акыркы сапарга узатуу зыйнатында Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин кошкон кошогу  коштошууга келгендердин эсинде сакталуу болуш керек.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"