Жаңылыктар
Телеберүүлөр санариптик форматта иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Телеберүүлөр санариптик форматта иштөөдө

Кыргызстандагы телеберүүлөр санариптик форматка өттү. Аналогдук көрсөтүүлөр түнкү саат экиде токтотулду. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, азырынча өлкө жарандарынан даттануулар жок. Жер-жерлерде иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. 

Мобилдик топтор 31-июлга чейин ар бир дубандарда иш алып барышат. Андагы адистер, кайрылуулар боюнча элге техникалык кеңеш беришет. Санариптик телекөрсөтүүлөргө 326 калктуу пункттардан башка өлкөнүн бардык аймактары өткөрүлгөн. Калгандарында тиешелүү иштер жүрүп жатат.

“Көрүлүп жаткан чаралар санариптик берүүгө өтүүдөгү техникалык көйгөйлөрдү жеңилдетет”,- дейт Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.