Жаңылыктар
“Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 16 аял кармалды
Кылмыш
“Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 16 аял кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 16 аял кармалды. Мындай маалыматты Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгы билдирди.

 Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө тыюу салынган уюмга мүчө болгон аялдын үйүнөн экстремисттик маанайдагы китептер табылган. Милиция келген учурда 16 аял чогулуп “Хизб ут-Тахрир” китебин колдоруна кармап чогулуш өткөрүп жатканына күбө болушкан. Китептин маани мазмунун аныктоо үчүн теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. 

Учурда иликтөө иши жүрүп жатат. Бул фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралууда. Ал эми кармалган аялдар сурактан кийин үйлөрүнө коё берилген.