Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Пекинде өткөн ири экономикалык форумга катышты
Экономика
Алмазбек Атамбаев Пекинде өткөн ири экономикалык форумга катышты

Пекинде Бир алкак - бир жол аталган ири экономикалык форум соңуна чыкты. Ага Президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Өлкө башчы коңшу кытайдын бул демилгесине жана андагы Кыргызстандын ролуна карата өз пикирин билдирди. Расмий Бишкек аймактагы ааламдашуу процесстеринен артта калуу ниети жок, тескерисинче ири долбоорлордун алкагында тыгыз кызматташууну каалайт. Кытай “Бир алкак - бир жол” ири долбоорун ишке ашырууга болгон күч аракетин жумшагандай. Анүстүнө бул демилгеге дүйнө жүзүнүн дээрлик жарымынан көбү - жүздөн ашык мамлекеттер кызыкдар экенин билдиришкен. Форумга 30 өлкөнүн башчылары келди. Кытай маалымат каражаттары алардын ар биринин сүрөтүн гезит беттерине жарыялады. 


Заманбап Жибек жолун түзүү идеясы биринчи жолу 2013-жылы айтылган. Мына ошондо өкмөттөр аралык 50гө жакын кызматташуу келишимдерине кол коюлган. Кытай компаниялары 50 миллиард долларга жакын каражат инвестиция салып, бир алкак бир жол долбоору өткөн 20 мамлекетке соода экономикалык кызматташтык боюнча 56 аймак курган. Бул мамлекеттердин тургундарына дээрлик 180 миң жумушчу оруну түзүлгөн. Серепчилердин пикиринде, Кыргызстан бул долбоордун алкагында дагы мурдагыдай эле маанилүү ролдо кала бериши керек. Сөз бир гана унаа менен ташуу эмес, темир жол аркылуу да жеткирүү тууралуу болууда. Адистер талкуулардан соң бардык тараптар орток пикирге келишет деген пикирде. Бул Кытайдын жана Кыргызстандын да кызыкчылыгы. 

Экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Кытай конкреттүү келишимдерге жетишти. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытайдын сапатты көзөмөлдөө жана карантин инспекциясынын башкы башкармалыгы менен протоколго кол коюлду. Бул келишимдин багыты Кыргызстандан Кытайга үй жаныбарларынын тоюттарын экспорттоо болуп саналат. Келишимге ведомство жетекчилери кол коюшту. Дагы бир документ - кичи жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүүгө багытталган, эки мамлекеттин экономика министрлигинин башчылары кол коюшту. Экономика министрлиги ошондой эле Кытайдын өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитети менен меморандумга кол коюшту. 

“Бир алкак - бир жол” форуму бир гана экономика же саясат эмес, көп сандаган жолугушуулар жана кызуу талкуулар... Маселен көп журналисттерди Беларусь президенти Александр Лукашенконун Пекинге уулу Николай менен келгени кызыктырды. Путинди да талкуулагандар көп. Ал Си Цзинпинь менен жолугар алдында бир аз роялда ойноону чечкен. Тасманы ютуб сайтында кыска убакыттын ичинде миңдеген колдонуучулар көргөн. 

Кытайдын демилгеси - Улуу Жибек жолу өткөн өлкөлөр менен Кытайдын экономикалык алакаларын күчөтүп, Чыгыштан Батышка карай тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү максатын көздөйт. Ишкерлер дүйнөнүн ар кайсы чекитинен товарларын кыска убакыттын ичинде алууну көздөйт. Аларга азыркы абал, тактап айтканда буйрутмаларды көпкө күтүү ыңгайсыз. Жаңы, натыйжалуураак транспорт кууру керек болуп турат. 

“Бир алкак - бир жол” форумунун экинчи күнүн тегерек үстөлдөр үчүн бир канча бөлүккө бөлүшкөн. Талкуунун темасы - “Өнөктөштүктү тереңдетүү кызыкчылыгына биргелешкен аракет аркылуу жетишүү”. 

Владимир Путин ири Евразия өнөктөштүгүн түзүү тууралуу билдирди. Сөз Евразия экономикалык бирлигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун жана түштүк чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын катышуусу менен көп жактуу кооперацияларды түзүү тууралуу болууда. Тегерек үстөлдүн экинчи бөлүгү башталар алдында форумдун катышуучулары бирге сүрөткө түшүштү. Бул мындай иш-чаралар үчүн адатка айланган азем. 

Алмазбек Атамбаев форумдун экинчи сессиясында сөз сүйлөдү. Ал бардык багыттар боюнча аймактык интеграциялык процесстерди колдойт, өзгөчө экономика жана транспорт тармагында.

Эки күндө Кытай эң аз дегенде 30 мамлекет менен келишимдерге кол койду. Жана эркин соода аймагын түзүү боюнча кеңешүүлөрдү баштады. Бул ири долбоордон ар бир мамлекет өз пайдасына ээ болот жана ошол эле учурда улуттук кызыкчылык биринчи орунга коюлат. Пекинге жүздөн ашык өлкөлөрдүн делегациялары келгени да долбоордун глобалдуу экенинен кабар берет. “Бир алкак - бир жол” форумунун экинчи күнүн тегерек үстөлдөр үчүн бир канча бөлүккө бөлүшкөн. Талкуунун темасы - “Өнөктөштүктү тереңдетүү кызыкчылыгына биргелешкен аракет аркылуу жетишүү”.