Жаңылыктар
Ош: паркта кулаган аттракцион боюнча кылмыш иши козголду (Видео)
Кырсык
Ош: паркта кулаган аттракцион боюнча кылмыш иши козголду (Видео)

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Алишер Навои атындагы паркта кулаган аттракцион боюнча кылмыш ишин козгоду. Коомчулукта көнүмүш адатка айлангандай эле, кырсык болгондон кийин чара көрүү аракеттери башталды. Ага ылайык, Ош шаардык мэриясы ушул окуядан кийин, калаадагы бардык сейил бактардагы, скверлердеги аттракциондордун техникалык абалын текшермей болду. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Окуя кечээ күнү кечки алтылар чамасында болгон. Навои эс алуу багындагы «чынжырча айланма » аттракциону огунан чыгып кеткен. Натыйжада, мында ойноп жаткандар туш келди бытырап ыргып, айрымдары оор темирдин алдында калган.Денелеринен ар түрдүү жаракат алгандардын саны 11 ди түзгөн. Шаардык ооруканага жаткырылган алтоонун үчөөсү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бактыга жараша балдар олуттуу жабыр тарткан эмес, бирок, булардын ойнотуп жүргөн энесинин абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө кармалууда.

Навои атындагы эс алуу багы шаардын так борборунда гана жайгашпастан, жаш балдар ойной турган аттракциондору көп жападан жалгыз эс алуу багы. Парк көп жылдан бери жеке жакка ижарага берилип келет. Ижарачы мындагы 4 гектар жер аянтына жылына 5 млн. сомдун тегерегинде акы төлөөрү айтылууда. 

Дал ушул, ижарачыга милдеттендирилген талаптарды Ош шаардык экотехинспекция эскерткенден башка чара көрө албай турганы маалым болду. Айтымдарында, республиканын аймагындагы аттракциондордун абалын текшерүүчү бир дагы мамлекеттик кызмат жок. Аттракциондордун техникалык абалын, иштөөгө жараксыз, жарамдуулугун көзөмөлдөп, корутунду чыгара ала турган борбор калаада жайгашкан бир гана эл аралык бирикме бар.

20-апрелге чейин текшерүү жүргүзүп кеткен эл аралык уюмдун корутундусу азырынча эс алуу бактын ээсинин колуна тие элек. Күтүлбөгөн кырсыктан кийин, демейде, бут коёрго жер таппай калчу эс алуу бак сээлдей түшкөн. Ал арада, эч нерсе болбогондой, кулаган аттракциондун орду тазаланып, иретке келтирилип калган. Болуп өткөн окуя боюнча эс алуу бактын ээсине-ижарачыга кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү тургундар мындай кырсык аталган паркта алгачкы ирет катталып жаткан жок. Мунун себеби - совет доорунда эле милдетин өтөп, «чарчап» бүткөн аттракциондор жаңыланбай кайра эле кызмат кылып жатканында дешет. Кырсыктуу окуядан кийин гана калаа бийлиги эс алуу бактардагы аттракциондорду тыкыр текшерүүгө алганын айтып чыкты.