Жаңылыктар
Кыргызстандагы телеберүүлөр санариптик форматка өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы телеберүүлөр санариптик форматка өттү

Кыргызстандагы телеберүүлөр санариптик форматка өттү. Аналогдук көрсөтүүлөр түнкү саат экиде токтотулду. Адистер азырынча даттануулар жок экенин айтышууда. Бирок, ар дубандарда техникалык кеңеш бере турган жумушчу топтор иштеп жатат. Калктын 95 пайызы санариптик телекөрсөтүүнү көрө алышат. Бул андагы үйлөргө телесигналдар аз жоготуулар менен жеткирилет дегенди түшүндүрөт. Сырткы факторлор таасир эте албайт.

Санариптик көрсөтүүгө өтүүдөгү маселелерди чечүү үчүн атайын штаб түзүлүп, жер-жерлерде мобилдик топтор иш алып барууда. Кайрылгандарга техникалык кеңеш бере турган адистер 31-июлга чейин иштейт. Санариптик телекөрсөтүүгө 326 калктуу пункттар туташа элек. Алар автоматтык телевизиондук жабдуулар орнотулганга чейин аналогдук көрсөтүүлөрдүн гана кызматын пайдаланып турат. Өлкөдө жаңы форматка өтүү август айында толугу менен ишке ашат. 

Калктын 95 пайызы жашаган аймактар санариптик жабдуу менен камсыздалганына карабай, азырынча 67 пайызы гана алардын кызматын пайдаланууда. Кабелдик, спутниктик телекөрсөтүүлөр жана интернет каналдарды көрүп келгендерге аналогду өчүрүүнүн эпкини тийбейт. Алардын форматы мурдагы бойдон эле калат.