Жаңылыктар
Кыргыздын керемет тасмаларын тарткан режиссер Геннадий Базаров 75 жашка толду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыздын керемет тасмаларын тарткан режиссер Геннадий Базаров 75 жашка толду

Искусствонун мыкты кызматкери, атактуу режиссер, сценарист, сүрөтчү Генадий Базаров 14-майда 75 жашын белгиледи. Ата мекендик кино жаратуучусун мааракелик туулган күнү менен кесиптештери куттуктады. Анын атын баары билет, кимдир бирөө кыргыз кинолорунан уккан. Геннадий Базаров ата мекендик кинодо жараткан шедеврлери дүйнөгө тараган. Чыгармалары үчүн бир канча сыйлыктарды алган. Быйыл 75 жашка толду, бирок чыгармачылыгын токтоткон жок. Геннадий Базаров өздүк мааракесинде аны менен түздөн түз иштешкендерден куттуктоо кабыл алды. Аны менен бир саат съемка аянтында болгон кесиптештери анын ким экенин башкалардан мыкты айтат. 

Геннадий Базаровго атак, данк алып келген тасма атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасы болгон. 1967-жылы студентке улуу жазуучу ишенип чыгармасын тартууга уруксат берген. Базаровдун тарткан тасмасын азыр да көрүүчүлөр суктануу менен көрүшөт. 

Кесиптештери ал талапты катуу койгон, ошол эле маалда баш оту менен ишке берилген адам деп баа беришет. Мааракенин ээси чыгармачыл чөйрөдө сыйлык, ыраазычылыкка карабай ар дайым өсүү болуп турушу керек дейт. Геннадий Базаров 50 жылдан ашык жемиштүү чыгармачылыгында Кыргызстанды дүйнөнүн көп мамлекеттерине таанытты. Анын чыгармачылыгынан мисал алып, дагы далай жаңы тасмаларды жаратышын көрүүчүлөрү күтүшөт.