Жаңылыктар
А.Атамбаев: кен тармагы таза иштесин
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев: кен тармагы таза иштесин

Кендерди пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстардын бардык баскычтарында ачыктыкты дагы арттырып, антикоррупциялык иштерди күчөтүү зарыл. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алганда айтты. 

Жолугушууда мамлекет башчысы мекеменин азыркы иштери, андан тышкары геологиялык-чалгындоо иштерин кеңейтүү, өлкө кен байлыктарынын объектилерин пайдалануу укугуна лицензия берүү жана ачык аукциондор менен конкурстарды өткөрүү боюнча маалыматтарды укту.

 

Дүйшөнбек Зилалиев өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын, анын ичинде былтыр ишке берилген "Бозумчак", "Талды-Булаксол жээк" жана "Иштамберди" алтын кендеринин иши тууралуу айтып берди.

Анын ырасташынча, аталган мекеме пайдалуу кендерди казууну көбөйтүү үчүн тоо-кен өндүрүшүнүн кубаттуулугун арттыруу жана сапатын жогорулатуу боюнча жаңы милдеттерди алып жатат.