Жаңылыктар
Өлкөдө ВИЧ менен жабыркагандардын саны өсүүдө
Ден соолук
Өлкөдө ВИЧ менен жабыркагандардын саны өсүүдө

2020-жылы ВИЧ илдети менен жабыркагандардын саны 20 миңге чейин жетиши мүмкүн. Адистердин айтымында ВИЧ илдети менен жабыркагандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Учурда, Кыргызстанда бул илдет менен жабыркагандардын саны 7117 адамга жетти. 

Алардын ичинен 6747си Кыргызстандын жарандары болсо, 587си жаш балдар экени айтылууда.  Андыктан  илдеттин жайылып кетпеши үчүн өкмөт бул дартка бөлүнө турган каражаттын суммасын көбөйтүүсү зарыл. 

Анткени Глобалдык фонд  вичке, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү үчүн жыл сайын бөлүп берген акчанын суммасын кыскарты. Буга байланыштуу өкмөт вич илдетине каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан мамлекеттик программаны тезинен бекитип берүүсү зарыл дешет эксперттер. 

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”