Жаңылыктар
Тамчы аэропортуна Ташкенттен жана Новосибирскиден каттамдар ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Тамчы аэропортуна Ташкенттен жана Новосибирскиден  каттамдар ачылат

Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна Ташкенттен жана Новосибирскиден чартердик каттамдар ачыла турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Жарандык авиация агенттигинин административдик иштер жана жүк ташууларды жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Алымбек Абакировдун айтымында, 5-июлдан 30-августка чейин Ташкенттен Тамчыга учактар уча баштайт. 

Шаршемби күнү 190 орундуу чартердик Boeing 757-231 учагы, Ташкент — Тамчы — Ташкент багыты боюнча учуп, 1 саат 20 мүнөттө келет. Жол киренин баасы 340 долларды түзөт. Ошондой эле Ысык-Көлгө Сибирдин Новосибирск шаарынан да каттам ачылат. 

"S7 airlines" авиакомпаниясына таандык 78 орундуу Embraer-170 учагы апта сайын шаршемби жана жума күндөрү Новосибирск – Тамчы – Новосибирск багыты боюнча учат. 

Учуу мөөнөтү 2 саат 50 мүнөттү алат. Азыр бул каттамдын жол кире акысы такталууда. Андан сырткары, Астана – Тамчы – Астана, Алматы – Тамчы – Алматы жана Шымкент – Тамчы – Шымкент багыты боюнча дагы эл аралык каттамдарды ачуу болжолдонууда.