Жаңылыктар
“Таза коом” долбоору боюнча алгачкы жыйынтыктар октябрь айында чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
“Таза коом” долбоору боюнча алгачкы жыйынтыктар октябрь айында чыгарылат

Өкмөт “Таза коом” долбоору боюнча алгачкы жыйынтыктарды октябрь айында көрө баштайт. Байланыш мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин билдирүүсү боюнча учурда долбоор боюнча 4 мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүдө. Эске салсак, экономиканын өнүгүүсү үчүн эң маанилүү болгон «Таза коом» долбоору даярдалууда. 

Бул стратегия Кыргызстанда жашаган жарандардын жашоо денгээли өсүп, жакшырсын –деген ниетте даярдалып жатканын адистер айтышууда. Бул жерде башкы ресурс адамдар менен алардын билими болуп саналат. 

Эң башкысы өлкө технологиялар заманына эртерээк ыктап, демилгеленип жаткан долбоорду айыл чарба, өндүрүш, энергетика сыяктуу бардык тармактарга киргизүү керек-дешет алар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"