Жаңылыктар
"Таалимтай" балдар көрсөтүүсү 5 жашка толду
УТРК жаңылыктары
"Таалимтай" балдар көрсөтүүсү 5 жашка толду

Коомдук Биринчи каналдын "Таалимтай" балдар көрсөтүүсү 5 жашка толду. Бул берүү 2014-жылы КТРКнын эң мыкты долбоору аталган. Программа обого чыгып баштагандан бери, ага жүздөгөн балдар катышкан. Алардын көпчүлүгү "Таалимтайдын" 5 жылдыгынын урматына уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышышты.

Көрсөтүүдө чагылдырган балдардын күлкүлүү окуялары чыныгы жашоодон алынып, жаш досторду калыстыкка, чынчылдыкка үндөйт. 

Таалимтайдын тарбиялануучулары учурда Баластан каналынын программаларын алып барып, балдар үчүн арналган дагы башка көптөгөн долбоорлорго катышууда. Аталган көрсөтүү ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлөт.