Жаңылыктар
Чүй облусунун казыятынын имараты курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун казыятынын имараты курулат

POST1RIGHT

Бул максатта Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында марафон өткөрүлөт. Буга дейре Чүй облустук казыяттын имараты болбогондуктан,  муфтияттын курамында иш жүргүзүп келген. Мамлекет тарабынан имарат куруу үчүн отуз соттук жер тилкеси бөлүнүп берилген. Курулуштун негизги каражатын араб уюмдары  кайрымдуулук түрдө бөлүп берери белгиленген. 

Алардын койгон шартына жараша уюштуруучулар менен эл алгачкы он пайызды чогултуп берүүлөрү керек. Бул демилге Жогорку Кеңештин 27 эл өкүлү жана республиканын аксакалдар Кенеши тарабынан  колдоого алынганын кенештин төрагасы Өмүрбек ажы Үмөталиев маалымдады. 

Чүй  облусунун казыятын куруу демилгеси көтөрүлүп, ал араб уюмдары тарабынан колдоо тапкан. Эми минтип курулушка сарптала турган каражаттын он пайызын чогултуу  максатында марафон уюштуруу сунушталууда. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"