Жаңылыктар
Жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусу көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусу көбөйдү

2017-жылдын 4 айында жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусу боюнча 47 факт катталды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 8 далилге көп дегенди ырастайт. 

Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан билдиришти. Эгер жогорудагы орун алган 47 суициддин  жыйырма тогузу өспүрүм  ата-энеси менен урушуп кеткен көрүнүштөн кийин болгон. 

Ал эми 3 оорусуна  байланыштуу, тогузу жоопсуз сүйүү үчүн өмүрүн кыйышкан болсо 3 фактынын себеби  аныкталууда. Айтор, балдардын өз өмүрүнө кол салуусу коомчулукту ойлондурган ненгизги масчеле.  Ошондуктан бул багытта жалпыбыз бирдикте иш алып барууга тийишпиз дешет серепчилер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"