Жаңылыктар
Кадамжайда сел жүрүп, турак-жайларды каптады
Өзгөчө кырдаал
Кадамжайда сел жүрүп, турак-жайларды каптады

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп, турак-жайларды каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы маалымдады. Билдирмеге ылайык, 15-майда болжол менен кечки саат 7лерде катуу жааган жамгырдын кесепетинен Гавуян сайынан сел түшкөн

Көчөлөрдү суу каптап 11 турак жайга, 17 эгин айдоо аянтына, беш электр мамысына зыян келтирип, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен. Табигый кырсыктан жабыркаган жарандар катталган жок", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда эки техника тартылып, куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар тарабынан кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат.