Жаңылыктар
Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдык мааракеси белгиленди
Маданият
Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдык мааракеси белгиленди

Ысык-Көл облусунда Кыргыз Эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдык мааракеси белгиленди. Саамалыкка ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмердин санаалаштары, урпактары, айылдаштары катышты. Чогулгандар Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө кошкон салымы туурасында кеп кылып, улуу жазуучу маселени ачык айкын ортого салган, өз доорундагы тайманбас инсан болгонун эскеришти.

Дал ушул эл тагдырына кайдыгер карап тура албаган Түгөлбай Сыдыкбеков жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны түптөп, аны өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин жана маданиятын келечек муунга таза өткөрүп берүү үчүн тынбай күрөшкөн. Биринчи поэзиялык жыйнагы «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы жарыкка чыккан. «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу пьесаларды жазган. Пушкин, Некрасов, Чехов өңдүү жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. "Жол", Бел-Белес" романдарын калың журт абдан жылуу кабыл алган. "Мезгил сабактары, "Табылга" Мен миң жыл жашадым" китептери чыккан.

1943-жылы "Согуш күндөрүндө" аттуу китеби жарык көрүп, Рахматуллин менен бирге жазган "Манас жана Алмамбет" пьесасы Крупская атындагы республикалык мамлекеттик драма театрында коюлган. Мындан тышкары, согуш турмушунан алып "Майдандан", "Кыштактын ээлери" аттуу пьесаларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы кыргыз колхоздорунун турмушунан алып "Биздин замандын кишилери" аттуу романы 1948-жылы кыргыз жана орус тилинде жарыкка чыккан.

Сабырбек Сыдыкбеков Т.Сыдыкбековдун уулу,

Анын "Биздин замандын кишилери" китеби 1949-жылы Сталин сыйлыгын алды. Сталиндин өзүнүн колунан алып отурат.. Сталин болсо 1953-жылы кайтыш болуп жатат. Ошентип биздин тарыхыбыхда бир эле лауреат Сталиндик премия бар. Ал Түгөлбай Сыдыкбеков.

Учурда Кең-Суу айылында Түгөлбай Сыдыкбековдун чакан музейи бар. Ал жерде чыгаан жазуучунун чепкени, калпагы жана иш бөлмөсүнөн алынган басма машинасы эл назарына коюлган. Ошондой эле сүрөт галереясы түзүлгөн. Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак дилинен кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы каза болгон. Анын калеминен жаралган ар бир чыгарма ушул күнгө чейин тарбиялык маани маңызын жоготпой, китеп ышкыбоздорунун санын арттырып келет.