Жаңылыктар
Өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөө башталды
Билим
Өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөө башталды

Өлкө аймагында бүгүн жалпы республикалык тестирлөө башталды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдиргендей тестирлөөгө катышуу үчүн 45 миң бүтүрүүчү каттоодон өткөн. 

Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, ЖРТ кыргыз жана орус тилдеринде үч этап менен өтмөкчү: 16-17-май; 19-20-май жана 23-24-июнь. 

Жалпысынан өлкө аймагында 123 тест борбору уюштурулду. Ал эми буга чейин каттоодон өтпөй калган абитуриенттер үчүн 18-майда кошумча каттоо жүргүзүлөт. 

2012-жылдан бери ЖРТдан өтүү бардык жогорку окуу жайларга тапшырууда милдеттүү талап болуп келет. Тесттен жогорку балл алгандар, ЖОЖго бюджеттик негизде тапшырууга мүмкүндүк алат.