Жаңылыктар
Вера Брежнева: "Басмырлоо жашоо үчүн күрөшүүгө тоскоол болот"
Ден соолук
Вера Брежнева: "Басмырлоо жашоо үчүн күрөшүүгө тоскоол болот"

Чыгыш Европа жана БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен программасынын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү ыктыярдуу элчиси, ырчы, актриса жана теле алып баруучу Вера Брежнева Кыргызстанга келди. Алгач келгенде эле “Ала-Тоо 24” каналына эксклюзивдүү интервью берди.

Брежнева ыктыярдуу элчи болуп 2014-жылы дайындалган. Ал бул кызматты ээлегенден күндөн тартып, бул дарт менен ооруган адамдарды басмырлоого жана өгөйлөөгө каршы күрөшүп келет. Вера Брежнева Кыргызстанга кандай максат менен келди?

Вера Брежнева алгач “Ала-Тоо 24” каналына келип, “Социум” программасына эксклюзивдүү интервью берди. ЮНЭЙДСтин ыктыярдуу элчиси түз эфир аркылуу ВИЧ илдети менен жашаган адамдарга карата басмырлоого каршы күрөшүүнү негизги максаты кылып алганын айтты.
"Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен жабыркаган адамдардын эң чоң көйгөйү - бул коомдон бөлүнүү. Бул дарт менен ооруган адамдар коомдо өгөйлөнүп, өзүнүн оорусун жашырып жүргөнгө аргасыз. Бул абдан кыйын абал. Ошондуктан, Кыргызстанга кайдыгер карай албайбыз. ВИЧ-инфекциясы менен жабыркаган адамдарга жардам берип, өлкөдө бул оору менен күрөшүүгө көпүрө болуп берүү милдети менен келдим",- дейт ЮНЭЙДСтин ыктыярдуу элчиси, ырчы Вера Брежнева.
Ыктыярчынын айтымында, СПИД менен ооруган адамдардын күч-аракеттерин бириктиргенде гана басмырлоонун деңгээлин азайтып, дымактуу максаттарга жетүүгө мүмкүн болот. Ал ВИЧ илдети бар бала менен бир окуу жайда билим алуу коркунучтуу эместигин да белгиледи.
Брежнева журналисттер үчүн маалымат жыйын да өткөрдү. Мында, “Сен жалгыз эмессиң” акциясы тууралуу кенен кеп жүрдү. Жыйынга ЖМК өкүлдөрүнөн сырткары, ВИЧ илдети менен жабыркаган Нурлан аттуу жигит да келген. Элчи өз көйгөйүн ачык айткандыгы үчүн ага ыраазычылыгын билдирди.