Жаңылыктар
Жакында ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти иштей баштайт
Экономика
Жакында ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти иштей баштайт

12-августтан тартып ЕАЭБдин 18 техникалык регламенти иштей баштайт. Өкмөт ишкерлерди ага даяр болууга чакырууда. Техникалык регламентте тамак-ашка, темир жолго, пиротехникалык каражаттарга, жеңил өнөр жайына жана товарларды таңгактоого байланышкан коопсуздук эрежелери камтылган.

Евразия экономикалык биримдигинин босогосун аттагандан тартып Кыргызстан үчүн берилген өткөөл мезгил соңуна чыгууда. Андыктан өлкөдө ЕАЭБдин эрежелери эми толук иштей баштайт. Август айында күчүнө кире турган 18 техникалык регламент айрыкча ички рынокто иш алып баргандарга тиешелүү. Экспортчулар үчүн кырдаал дээрлик өзгөрүүсүз калат. Себеби алар жаңы коюла турган талаптарды Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тартып эле аткарып келген.
“Эң негизгиси бизнес чөйрөсү биздин техникалык регламент күчүн жоготуп, ал улуттук катары ишке кирээрин түшүнүшү керек. Ишкерлер жаңы эрежелер менен таанышып чыгышы шарт. Декларацияга ээ болуу үчүн өндүргөн продукцияларына ылайык, документте каралган органга кайрылышы зарыл”,- деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов. 
Техникалык жаңы регламенттер айрыкча тамак-аш продукциялары үчүн маанилүү. Тиешелүү мекеме ишкерлер талаптарды аткарууга даяр экенине ишендирүүдө.
Өндүрүлгөн продукция жалпы кабыл алынган сапат стандартына шайкеш келиши керек. Бирок, айрым жагдайларда жеңилдиктер сакталып кала берет.