Жаңылыктар
Санарипти саргара күткөн айыл тургундары
Кыргызстан жаңылыктары
Санарипти саргара күткөн айыл тургундары

Аналогдук берүүнүн токтотулуша чейин, тагыраак айтканда 15-майга саналуу күндөр калганча күтүп отуруп, эртең өчөт дегенде шашып бушуп санарипти жандырган жарандар да жок эмес. 

Жалал-Абад облусунун 60тан ашуун айылына санарип жете электен улам, ал жактагы жергиликтүү тургундар мурдагыдай эле аналогдук берүүнү көрүшүүдө. Ушул тапта Жалал-Абад облусу 95 пайыз санариптик теле чагылдыргыч сигналы менен камсыз болду. Ал эми 68 айылга санариптик берүү жете элек. Бирок бул айылдарда аналогдук берүү өчүрүлгөн жок.
Санарипке туташа элек айылдардын катарында Сузак районунун Кара-Алма айылы да бар. Учурда айыл эли мурдагыдай эле аналогдук берүүнү көрүшүүдө. Тоолуу аймак болгондуктан айрым учурда аналогдук берүү да тартпай калат. Мындан улам, айыл эли тезирээк санариптик берүү келсе дешет.

“Биздин айылга санарип тезирээк келсе жакшы болот эле. Көп жылдан бери бир эле канал көрөбүз. Ошондуктан санарип батыраак туташса. Аналогдо бир эле канал болгондуктан спутниковый туташтырып алганбыз”,- дейт Кара-Алма айылынын тургуну Бүажар Сулайманова.  
Кара-Чолок айылынын тургуну Токтобүбү Чекиева, санарипке 14-май күнү туташкан. Ал үчүн ресивер жана жаңы антена алып келип койгон. Санарипти жандыргандан кийин канал көбөйүп, неберелерим үчүн “Баластан” каналы өзгөчө белек болду дейт. Ал эми санариптик берүү Кара-Чолок айылына коюлганына көп эле болгон. 
Ал эми жарандардан санариптик же аналогдук берүү боюнча кандайдыр бир маселе жаралса,ар бир айыл өкмөттө жана район шаарларда атайын түзүлгөн ыкчам топ штабына кайрылса болот.
Санарип жете элек Жалал-Абад облусунун айылдарын толук камсыздоо үчүн үч этап менен санариптик теле чагылдыргычтар алынып келинээри күтүлүүдө.