Жаңылыктар
Жер шаарын кыдырган учкуч Союзбек Салиев студенттер менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Жер шаарын кыдырган учкуч Союзбек Салиев студенттер менен жолукту

Мамлекеттин желегин көтөрүп алып жер шаарын кыдырып келген Кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев Каракол шаарында студенттер менен жолукту. Жолугушуу быйылкы "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында жаштарга тарбиялык насаат берүү максатында уюшулган. Өлкө атын алыска тааныткан конокту Караколдуктар кандай тосуп алды? Каракол аба майданы “Көчмөн кыргыз” аттуу учактын үнүнө толуп, көпчүлүктүн чыдамсыздык менен күткөн коногу да келип конду.

Гүлдесте, боорсок, алкыш... Караколдук студенттер Союзбек Салиевди кызыгуу менен жылуу тосуп алышты. Студенттер 4 орундуу учакты тегерене карап, сүрөткө да түшүштү.
"Караколго атайын келдик. Учакты да көрсөтуп жатабыз. Ушу балдарга бир тарбиялык мааниси болсун деген максат", - дейт
учкуч Союзбек Салиев. 

Өткөн жылы август айында дал ушул бир моторлуу учак менен Салиев жана анын литвалык кесиптеши Йонас Жукнус август айында Кыргызстандан учуп чыгып, жалпысынан 26 өлкөнү аралап, 47 миң чакырымды 62 күндө басып өтүшкөн. Бул демилгени ал Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арнаган.
Учкучтар 3 океанды, 3 континентти кесип өтүп, саякат Кыргызстанда старт алып, Араб Эмираттары -Судан -Нигерия- Код-Дивуар- Бразилия- Боливия- Чили өңдүү өлкөлөр аркылуу -Пасха- Таити- Пага-пага- Помпей аралдарын кыдырып- Филипинден- Бангладешке, андан кайра Бириккен Араб Эмираттарына кайтып, жер шарын багындырышкан. 

Саякатчы Союзбек Салиев ар бир барган өлкөсүндө тарткан видео күндөлүгүн, сүрөттөрдү жана ар бир конгон аба майдандын белгиси коюлган Кыргызстандын желегин студенттерге көрсөттү. Салиев жаштарды ар дайым алдыга максат коюп жашоого жана аны ишке ашыруу үчүн болгон аракетти жумшоо эч качан кеч эмес экендигин айтып берди.