Жаңылыктар
Чүй облусунун талааларын чегиртке каптоодо
Айыл чарба
Чүй облусунун талааларын чегиртке каптоодо

Чүй облусунун талааларын каптаган чегирткелер акыркы он жыл аралыгында бир топ көбөйдү. Эгер алар жумурткадан чыгып массалык түрдө жайыла баштаганчакты чукул чара көрбөсө, фермерлердин мээнет кылып тапкан эмгеги бир заматта күйүп кетиши мүмкүн. Мындан улам, зыянкечтер өз убагында аныкталып, аларды массалык түрдө жок кылуу жумуштары башталды. 


Чүй облусунун талааларында чегиртке пайда болгону бир ай мурда белгилүү болгон. Алар азырынча жумурткадан чыга элек. Ошондуктан дары чачып зыянсыздандыруу жакшы жыйынтык берип, эки жылдай мында чегиртке болбойт. Ошондуктан талааны алардан тазалоо иштери болушунча эрте башталууда. Дары зыянкечтердин организмине тиер замат чегиртке өлөт. Бирок дары чачылгандан кийин өсүмдүк өстүрүүгө жана мал жаюуга бир айдан кийин гана уруксат берилет.
Чегирткени өз убагында жок кылбаса ал чоңойгондо миң сандаган үйүрү менен учуп, бардык өсүмдүктөрдү жеп, башка аймактарга да тез тарайт. 

Адамзаттын тарыхында чегирткенин жортуулу 1875-жылы АКШда болгон. Зыянкечтин үйүрү Техастан батышка жайылып, өсүмдүктөрдүн көп санын кыйратып, бирок күтүлбөгөн жерден көздөн кайым болушкан.