Жаңылыктар
Бишкекте "Айыл-АГРО 2017" эл аралык көргөзмөсү ачылды
Айыл чарба
Бишкекте "Айыл-АГРО 2017" эл аралык көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Бишкектеги эски аянтта "Айыл-АГРО 2017" эл аралык көргөзмөсү ачылды. Бул көргөзмө жыл сайын уюштурулуп, ага жыйырмадай өлкөдөн ондогон ишканалардын айыл чарба техникалары коюлат. 

Андан тышкары, жер семирткичтер, биотехнология, өсүмдүктөрдү коргоочу заттар, дарылар жана мал чарбасына керектүү жабдуулар көрсөтүлөт. Иш-чаранын ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.