Жаңылыктар
“Бир алкак-бир жол” эл аралык форуму өз ишин жыйынтыктады
Саясат
“Бир алкак-бир жол” эл аралык форуму өз ишин жыйынтыктады

Пекинде 14-майда башталган “Бир алкак-бир жол” эл-аралык форуму өз ишин жыйынтыктады. Иш чарада президент Алмазбек Атамбаев Кытай эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин  менен жолукту. Ал эми 15-майда өлкө башчы Пекинде "Бир алкак - бир жол" форумуна катышкан мамлекет башчыларынын кеңешинде чыгып сүйлөп, өз сөзүндө мамлекет башчы азыр дүйнө терең трансформация мезгилин баштан кечирип жатканын белгиледи. 

Мындан сырткары, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн  “Бир алка-бир жол”  демилгеси  деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берет, бирок логистикалык жана транспорттук маселелерди чечүү менен гана  чектелбестен, биз трага Си Цзиньпин кечээ өз баяндамасында айткан санариптик Жибек жолун куруу идеясын колдогубуз келет", - деди президент. Пекинде 14-майда башталган “Бир алкак-бир жол” эл аралык форумуна дүйнөнүн 29 өлкөсүнөн мамлекет башчы, премьер-министрлер жана 100дөн  ашуун  эл аралык уюмдан жетекчилер  катышты.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"