Жаңылыктар
КР ЕАЭБдин 18 техникалык регламентин аткарууга милдеттүү
Экономика
КР ЕАЭБдин 18 техникалык регламентин аткарууга милдеттүү

Ушул жылдын август айынан баштап Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин 18 техникалык регламентин аткара баштайт. Андыктан өндүрүүчүлөр өз продукциясынын сапатын тастыкташы керек болорун Вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Айтымында, азыр бул багытта ишкерлер арасында маалыматтык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 12-августунан тарта Кыргызстанда түрдүү товарлардын сапатына талаптарды койгон 18 техникалык регламент күчүнө кирет. Андыктан, ага чейин Кыргызстан өндүрүлгөн товарлардын сапатын ЕАЭБдин стандарттарына тууралап, ири интеграциялык уюмга кошулуу менен өзүнө алган тийиштүү милдеттемелерин аткара баштайт. 

Андыктан вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү өз продукциясынын сапатын тастыкташы керектигин эске салды.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"