Жаңылыктар
Жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам бөлүндү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандар үчүн ачылган эсепке президенттик фонддон 2 миллион, Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн ачылган эсепке 3 миллион сом акча каражатын бөлдү. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Чоң-Алайлыктарга гуманитардык жардамдарды жеткиргени барган учурунда билдирди. 

3-6-майдагы жер титирөөдөн улам турак жай курууга муктаж болгон жарандар үчүн курулуш материалдарын завод баасында сатуучу чакан пункттар жер-жерлерде ачылды. Курулуш материалдарынын алгачкы этабы - 120 тонна цемент буйрутма берген жарандарга жеткирилди. Мындан сырткары, үй курган жарандарга 10 тонналык гумантиардык жардам да жеткирилди. Муну айыл аксакалдарынан, аймактык депутаттардан куралган атайын комиссия чыныгы муктаж жарандарга бөлүштүрүп берээрин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. 

Маалымат бере кетсек, 3-6-май күндөрү күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөдөн Чоң-Алай өрөөнүндөгү Жекенди айыл аймагындагы 537 турак үй авариялык абалга келип, 8 үй урап түшкөн. Дагы 400дөн ашуун турак жайлар 3-даражада жабыр тарткан. Райондук коргонуу комиссиясы жалпы миңден ашуун турак жайларды изилдөөдөн өткөргөн.

"Дагы 80 тонна цемент эртең келет, ушинтип этап-этабы менен келе берет, жарандардын заказ бергенине жараша, мындан сырткары кыш менен арматуралар да ушунтип алынып келинет. Ошондой эле ушул жарандарыбыз үй курууда керектешсин деп гуманитардык жардам алып келдим",- дейт Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев.