Жаңылыктар
Сириянын бүтүндүгүнө доо кетиши мүмкүн
Дүйнө
Сириянын бүтүндүгүнө доо кетиши мүмкүн

Ок атышууларды токтотуу тууралуу келишим аткарылбаса Сириянын бүтүндүгүнө доо кетиши мүмкүн. АКШ Башар Асад өткөөл мезгилдеги өкмөттү түзүшү керек деген позицияда. Вашингтон менен Москва 27-февралдын түнүнөн тартып ок атышууларды токтотууну макулдашып, ал Сирия бийлиги тарабынан да жактырылган. Бирок, бул келишим айрым башка тараптарды канааттандырган эмес.

5 жылдан бери согуш жүрүп келген өлкөдө абалды жөнгө салууга үмүттөр жарала баштады. Бирок, соңку келишимдин аткарылышынан күмөн санагандар да жок эмес. Вашингтон макулдашуулар жүзөгө ашпаса Сириянын бөлүнүп кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Каршылаш тараптардын негизги таянычтары болгон Орусия менен АКШ 27-февралды чыдамсыздык менен күтүүдө.

Ок атышууларды токтотуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосундагы макулдашуу эки тараптан тең чоң жетишкендик катары бааланды. Президент Путин келишимдин жардамы менен Сириядагы кризисти жөнгө салууга реалдуу мүмкүнчүлүк жаралганын жарыялаган эле. Каршылашууларды токтотуу Асаддын режими менен оппозицияга гана тийиштүү. Ал эми ДАЕШ, “Джавхат-ан-Нусра” өңдүү террордук уюмдарга карата соккулар улана берет.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан  террорчул уюм деп табылган топтор ок атышууларды токтотуу келишиминде эске  алынган жок. Аларга соккулар мындан ары да улана берет. Сирияга жардам берүүчү  топтун теңтөрагалары катары Орусия менен АКШнын бул макулдашууларды ишке  ашыруудагы механизмди иштеп чыгуусу принципиалдуу маанилүү маселе. Бул үчүн  ыкчам байланыш линиялары жана маалымат алмашуучу жумушчу топ иштейт. Көп жылдан  бери уланып келген кан төгүүлөр менен зомбулукка чекит коюуга реалдуу  мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат.

Бирок, ок атышуулардын токтошунан күмөн санагандар да бар. Айрыкча Кремль колдоо көрсөтүп жаткан расмий Дамаск оппозиция өзүн карманып тура албайт деп эсептейт. Сириянын улуттук жарашуу иштери боюнча министри Али Хайдар:

Албетте, Сирия өкмөтү келишимдин талаптарын сактайт.  Бирок, бизге каршы куралдуу топтор аны бузбайт деп кепилдик бере албайбыз.  Анткени алар ок атышууларды токтотууга алдын-ала эле макул болбой жатышкан. Эң  негизгиси макулдашуулар биз тараптан аткарылат.

Ал арада Асаддын каршылаштарынын бири болгон сириялык күрддөрдүн куралдуу топтору аталган келишимге кошулганы кабарланды. Бирок, ок атышууларды токтотууну 2 аптага гана деп мөөнөтүн чектеп жатат. АКШнын Мамлекеттик катчысы Джон Керринин абалды жөнгө салууга байланыштуу айткандары дүйнө коомчулугунун көңүлун бурду.

Сүйлөшүүлөр менен түшүнүшүүгө жетишүү Сириянын эртеңин  аныктаганы турат. Андай болбосо, абал таптакыр башка өңүттө өнүгүп кетээрин  Орусия да түшүнүшү керек. Биз күтүп отура берсек бүтүн Сирияны сактап калууга  мүмкүн болбой калат.

Керринин бул билдирүүсүн орусиялык маалымат каражаттары ар кандай талдап, ок атышууларды токтотуудан майнап чыкпаса, согуш болуп жаткан өлкөнү экиге бөлүү Вашингтондун кийинки кадамы деген божомолду жазышты. Жогоруда белгиленгендей макулдашууга ылайык президент Асад жана ага колдоо көрсөтүп жаткан орус аскер күчтөрү террорчуларга сокку урууну уланта берет. Бирок, чыныгы оппозиция менен радикал топторду ажырата билүү зарылчыгы бар экенин белгилейт россиялык талдоочу Михаил Мейер. Ал эми үмүт арттырган жагдай ок атышууларды токтотуу макулдашуусу Москва менен Вашингтондун катышуусу менен жетишилгенинде.

Кырдаалды жөнгө салууга олуттуу мүмкүнчүлүк бар. Анткени  америкалыктар менен келишим түзүлдү. Ал эми согушуп жаткан башка тараптар  чечимге кандай көз-карашта экени өзүнчө маселе. Ошондой эле Москва үчүн Сирияда  согушка канча топ аралашып жатканы жана алардын кайсынысы куралдуу оппозиция же  радикалдар экени талаштуу.

Террордук уюм менен куралдуу оппозицияны ажырата билүү маселесинде АКШ менен Түркиянын ортосунда да талаш бар. Анкара радикалдар деп абадан сокку уруп жаткан сириялык күрддөргө АКШ көмөк көрсөтүп, Асадга каршы негизги оппозициялык топ катары баалап келет. Президент Режеп Тайып Эрдоган ок атышууларды токтотуу тууралуу соңку келишимди да сынга алып, бул Аксарай оппозиция деп эсептеген тарап үчүн ыңгайсыздык жаратаарын белгилеген эле.

Биз ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимди колдойбуз.  Ал сириялык боордошторубуздун абалын жеңилдетиши керек. Бирок, өз элинин  миңдеген жарандарынын өлүмүнө себепкер болгон Асад жана анын тарапташтары  мындай келишим аркылуу колдоо алып, ал эми оппозицияга мамиле аныкталганбаган  бойдон калып жатышы бизди тынчсыздандырат.

Ошентип, ок атышууларды токтотуу келишими Сириядагы абалга таасири бар өлкөлөрдүн кызыкчылыктары бири-бирине карама-каршы чиеленишип турган шартта жетишилди. Бирок, аны колдобогон башка өлкөлөрдүн кийинки кадамдары кандай болоору белгисиз. Көпчүлүк “тарыхый” деп баалап жаткан макулдашуунун канчалык орундалаарын да саналуу убакыт көрсөтөт.