Жаңылыктар
“Балдардын ишеним телефону” эл аралык күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Балдардын ишеним телефону” эл аралык күнү белгиленүүдө

Бишкекте “Балдардын ишеним телефонунун” эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күн - коомчулуктун көңүлүн балдарды оор турмуш шарттарынан коргоого жана аларга жардам берүүгө багытталган. 

Мунун алкагында Бишкек шаарынын жана кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары биргелешип концерт, флешмоб акцияларын өткөрүшөт. Ошондой эле, мектеп окуучулары арасында “Балдардын ишеним телефону балдардын көзү менен” деп аталган сүрөт сынагы уюштурулмакчы. 

Жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылып, алардын сүрөттөрү Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жөнөтүлөт.

“Кыргызстанда балдардын ишеним телефону 2015-жылы ачылган. Ар бир баланын добушу бар. Максатыбыз - ал добуштардын угулуп, көңүл бурулушун камсыздоо. Качан гана баланын оюу эске алынып, үнү угулганда алар коомдук жашоого катышуу укугуна ээ болуп, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жайылта алышат”,- дейт “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Жапаркулова.