Жаңылыктар
“Альфа Телекомдон” уурдалган каражат кайтарылат
Кылмыш
“Альфа Телекомдон” уурдалган каражат кайтарылат

“Альфа Телеком” компаниясынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 2 миллион доллар кайрадан мамлекеттин казынасына кайтарылат. Бул тууралуу Каржы чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси Айбек Кадыралиев билдирди. 

Анын айтымында, "Альфа Телекомдун" кызмат адамдары компанияга заманбап жабдыктарды сатып алуу учурунда кызматтык абалынан пайдаланып, өлкөдөн тышкары жакка 14 миллион доллар чыгарып кетишкен. Анын 6 миллион доллары - бир канча бөлүккө бөлүнүп, ар кайсы багыттарга жиберүү жолу менен уурдалган. 

Кыргызстандын каржы чалгындоо кызматы Лихтенштейн мамлекетиндеги кесиптештери менен бирге бул каражаттарды таап, пайдаланууга тыюу салышты. Эсептеги ири суммадагы акча Лихтенштейндин мамлекеттин соту тарабынан камакка алынып, банкта сакталууда. 

Бүгүнкү күндө бул факт боюнча сот процесстери аяктаганы калды. Азыр акча каражатын кайрадан мамлекеттин казынасына кайтаруу боюнча жумуштар жүрүүдө деп билдирди Айбек Кадыралиев.