“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен Умсунай Өсөрова "Замандаш" программасында маектешкен.
Каарман жөнүндө кыскача:
Толук аты-жөнү – Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
Туулган жылы, күнү – 1977-жыл 31-март
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжай району, Биринчи Май айылы
Билими – ОшМУнун юридика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. АКШдагы “Канзас” университетинин “Журналистика жана коммуникация” факульетитинде Жапониядагы Кобе университетинин “Мамлекеттик башкаруу жана Эл аралык байланыш” факультетинде магистратурада окуган.
Учурда – “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы
"Тил үйрөнүүдө негизгиси үч нерсени эске алыш керек: сүйлөш керек, угуш керек, жазыш керек...анан төртүнчүсү окуш керек"