Жаңылыктар
Ишкерлер мамлекет менен бирге жемкорлукка каршы күрөшүүнү улантат
Коррупция
Ишкерлер мамлекет менен бирге жемкорлукка  каршы күрөшүүнү улантат

Бул тууралуу мамлекеттик органдар менен ишкерлер ортосунда уюштурулган антикоррупциялык форумда айтылды. Бул жолу дагы тараптар коррупцияга каршы биргелешип күрөшүү тууралуу талкуулашып, текшерүү боюнча ачык эрежелер иштелип чыгышы керектигин бир ооздон белгилешти.

Жыйында ишкерликти өнүктүрүү боюнча баяндама жасаган Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова, соңку кезде өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде ишкерлерди ашыкча текшерүү азайып, лицензия алуу жеңилдегенин билдирди. Стат-катчынын айтымында, Өкмөт  мамлекет менен катар эле ишкерлердин дагы кызыкчылыгын эске алуу менен реформаларды жүргүзүп  жатат.

Бизнес-коомчулугунун өкулдөрү  мамлекет менен бирге коррупцияга каршы күрөшүүнү улантарын белгилешти. Бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү толуктоолорду киргизүү зарылдыгына токтолуп, буга ар кимди айыптоонун ордуна көйгөйдү биргелешип чечүү маанилүү экенине токтолду.  Ал айрыкча мамлекеттик органдардын бизнес чөйрөсүнө формалдуу эмес кийлигишүүсү ишкерлердин негизги көйгөйү экенин, мындай көрүнүштөр айрыкча район, облустарда көп катталарын кошумчалады.  Андыктан бизнести текшерүүнүн ачык-айкын эрежелерин иштеп чыгуу маанилүү.

Бул жерде ишкерликти өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды дыкат карап чыгуу керек. Себеби былтыр биз ишкерликти күч органдарынын  ашыкча текшерүүсү тууралуу маселени көтөргөнүбүздө эч ким эч кандай мыйзамды  бузбай, өз милдеттерин мыйзам чегинде аткарып жатканы ачыкталган. Андыктан бул  жолу дагы бизнеске  мамлекеттик  органдардын формалдуу эмес кийлигишүүсүн жоюу тууралуу ачык талкуу болушу  керек. Бизде азыр жемкорлуккка каршы мыйзамдардын техникалык ыкмасы болгону  менен ал жетиштүү деңгээлде иштебей жатат.Биргелешип бизнести  текшерүүнүн ачык эрежелери иштелип чыгышы керек.

Жыйында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ишкерликти өнүктүрүп, өлкөдө бизнес баштоого жагымдуу шарт түзүү үчүн  коррупция менен күрөшүү негизги милдет экенин билдиришти. Ал эми иш-чарага катышкан айрым эл өкүлдөрү ишкерлерди жемкорлукту ооздуктоо боюнча Жогорку Кеңеш менен дагы тыгыз иш-алып барууга чакырышты. Анткени айрым учурда коррупцияга каршы демилгеленген  мыйзам долбоорлорунда дагы  карама-каршылыктар орун алууда дешет алар.