Жаңылыктар
Кыргызстан - түрдүү коркунучтарга каршы турган, чыныгы коопсуз өлкө болушу керек
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - түрдүү коркунучтарга каршы турган, чыныгы коопсуз өлкө болушу керек

Адистер 2040-жылга чейин эсептелген туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгууну улантууда. Бүгүн күн тартибиндеги башкы тема - коопсуздук маселеси. Бул түшүнүк улуттук, мамлекеттик жана маалымат коопсуздугу, ошондой эле ушул чөйрөдөгү көптөгөн маселелерди камтыйт. 2040-жылга карата Кыргызстан - түрдүү коркунучтарга каршы туруучу натыйжалуу системага ээ болгон чыныгы коопсуз өлкө болушу керек. 

Ала-Арча резиденциясы. Бүгүнкү талкууга ар тармактан адистер чогулушкан. Дин таануучулар, маалымат технологиялар жана аскер чөйрөсүндөгү адистер, саясатчылар. Негизги маселе Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолу, анын ичинен коопсуздук маселеси. 2040-жылы Кыргызстан коопсуз, тынч жана туруктуу өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кириши керек.



Адистер коопсуздук маселесинде дагы дүйнөлүк тенденцияны, тез өзгөрүп жаткан процесстерди эске алуу зарылдыгын белгилешет. Ошол эле учурда улуттук кызыкчылыктар биринчи орунда турушу шарт. Эксперттер бул маселеде башкысы адамдык потенциалга басым жасоону сунуштап жатышат.
Маалымат коопсуздугуна эксперттер өзгөчө көңүл бурушту. Эң башкысы мамлекет өзүнүн маалымат мейкиндигин түзүшү керек. Жарандар дүйнөгө башка мамлекеттердин эмес, Кыргызстандын көз карашы менен карашы керек деген пикирди калыптандыруу.

Адистер бул жолу да жумуш натыйжалуу болуусу үчүн топ топко бөлүнүп иштешти. Негизги талкуулардын бири кибер коопсуздук. Маалыматты коргоо бул дайым боло турган маселе. Анткени эртең дүйнө жүзү толугу менен санариптик болот.
Азыр серепчилерге 2040-жылы өлкөдө диний абал кандай болот деген суроого жооп берүү кыйын болууда. Анткени бул жаатта кырдаал тез жана кескин өзгөрүп жатат. Маселен мындан эки үч жыл мурун эле ар кандай террористтик топтор дүйнө жүзүндө капсалаң салат деп эч ким күткөн эмес.