КТРКнын техникалык базасы 15 даана жаңы санариптик видеокамералар менен толукталды.
HD форматтагы камералар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын студияларына, анын ичинде "Ала-Тоо 24" каналына да берилет.
Видеокамералар КТРКнын жарнамадан тапкан каражатына сатылып алынды жана заманбап техникалык стандарттарга жооп берет.