Жаңылыктар
Имамдардын билимин жогорулатууну колго алган "Ыйман" фондунун ишмердүүлүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Имамдардын билимин жогорулатууну колго алган "Ыйман" фондунун ишмердүүлүгү

Ыйман, адеп жана маданият. Мына ушул сапаттарды сактап жүргөн адам ийгиликтин туу чокусунда жүрөт дешет дин тануучулар. Ал эми ошол динди элге таратуучулардын билимин жогорулатууну колго алган "Ыйман" диний өнүктүрүү фондусу 2016-жылдын 1-январына баштап, ушул жылдын 1-майына чейинки жүргүзгөн иштери туурасында маалымат берди.

Айт намаздарда, ири диний иш-чараларда куранды кырааты менен окуган Нуркамал Мизираимов борбордук мечиттин имамы. Адегенде куран жаттоо борборунда билим алып, кийин жогорку окуу жайларынан биринде араб тили боюнча адистикке ээ болгон имам дин кызматкерлери үчүн билимин жогорулатууну туура көрөт. Анын айтуусунда тренингге катышкандардын көбү унутта калгандарын кайра эстеди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусу мамлекет менен коомго бирдей таасирин бере турган улуттук долбоорлорду ишке ашыруу максатында ачылган. Фонд өлкөгө терроризм, радикализм жана экстремизм менен күрөшүүдө көмөк көрсөтүп келет. Бул үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине атайын сабактар өтүлгөнү мисал.

Каржы маселеси чечилбесе иштин майы да чыкпайт. Андыктан бул фондго Түркия 10 миллион доллар грант бөлүп берип, анын жарым суммасы 1500 имамга стипендия чектеп берүүгө жумшалгандыгын фонддун башчысы Нуржигит Кадырбеков маалымат жыйынында билдирди.
Ал эми “Ыйман” фонду имамдардын билимин жогорулатуу үчүн бул китептерди пайдаланды. Анда улуу ойчулдардын накыл кептери, адеп тууралуу айтылган акындардын ыр жыйнактары, жеңилдетилген жалпак тилдеги хадистер камтылган.

Имамдардын окутуу гана эмес мекендештерибизди тарбияга чакыруу, маданиятын бекемдөө үчүн фонд көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, жаштарга дем берип келет. Кандай гана көрүнүштөр болбосун өз ыйманыбызды бекем сактап, күн сайын адам болууга умтулсак.