Жаңылыктар
Жаңы Баш мыйзам премьер - кадр саясатын өз алдынча жүргүзгөнгө жол ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы Баш мыйзам премьер - кадр саясатын өз алдынча жүргүзгөнгө жол ачты

Соңку конституциялык реформа өкмөттүн ыйгарым укуктарын бекемдеди. Премьер-министрге кадр саясатын өз алдынча жүргүзүү укугу берилип, туруктуу иштөөсү үчүн аны отставкага кетирүү жараяны катаалдады. Баш мыйзамдагы Премьер-министрге байланышкан айрым беренелер ал кабыл алынгандан баштап ишке керсе, айрымдары ушул жылдын декабрынан тарта иштеп баштайт.

 

Жаңы баш мыйзам премьер - кадр саясатын өз алдынча жүргүзгөнгө жол ачты. Мурда министрлер кабинети түзүлөөрдө парламенттеги фракция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тигил же бул министрди кызматынан кетирем десе президентке сунуш киргизчү. Эми ишине ичи чыкпаган министрди премьер-министр эч кимден сурабай эле кетире алат. Ошондой эле өкмөт башчыга акимдерди дайындоо укугу берилди. Мындан тышкары, өкмөт башчыны кызматынан кетирүү жараяны парламент тарабынан татаалдашты. 

Мисалга, мурда коалициядагы бир эле фракция лидери биримдиктен чыктым деп жарыяласа, альянс урап, өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетчү. Эми болсо коалиция бузулуп, министрлер кабинети иштен кетиши үчүн фракция жыйын куруп, ага макул же каршы болгон депутаттар персоналдуу түрдө колун коюп бериши керек. Бул өкмөттүн иши туруктуу болушун камсыздайт.

Премьер-министр парламент менен тең ата сүйлөшүп, зарыл деп эсептесе жылына эки ирет өзүнө ишеним көрсөтүү маселесин койо алат.
Ошондой эле өкмөттүн курамын түзө турган коалиция, парламенттеги лидерлерден премьер менен биринчи вице-премьерди тандаса - анын депутаттык мандаты сакталып калат. Конституция менен кабыл алынган өзгөрүүлөрдүн айрымдары ал колдоо тапкан күндөн кийин эле ишке кирди.

Конституцияда жазылгандай премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын айрымдары, мисалга акимдерди айылдык кеңештердин кошмо жыйынысыз түз дайындоо тартиби иштеп жатат. Декабардан баштап премьер-министрдин ыйгарым укуктары толугу менен күчүнө кирет.

Бурулай Пусурманкулова